Жаңылыктар
Пандемия учурундагы айыл чарбанын абалы
Кыргызстан жаңылыктары
Пандемия учурундагы айыл чарбанын абалы

Пандемия экономиканы алдыга жылдырган дээрлик бардык тармактын ишин аксатты. Быйыл тогуз айдын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын көлөмү 400 миллиард сомдон бир аз ашкан каражатты түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 пайызга төмөн. Өлкөдө жаралган кырдаалга карабай жер иштетүү жана экспортко шарт түзүлүп, натыйжада айыл чарба тармагында өсүш болгон.