Жаңылыктар
Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына карата мемориалдык такта орнотулуп, илимий конференция өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына карата мемориалдык такта орнотулуп, илимий конференция өттү

28-октябрь күнү Кыргыз Эл акыны, прозаик, драматург, котормочу жана публицист Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына карата өзү жашаган үйгө мериалдык такта орнотулуп, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдөгү Эрнис Турсуновдун ролу” темасындагы илимий конференциясы жана китеп-сүрөт көргөзмөсү өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, кесиптештери, уул- кыздары жана жакын туугандары катышты.

Эл акыны Эрнис. Турсунов дүйнөлүк жана орус классиктеринин чыгармаларынын чебер котормочусу катары А. С. Пушкиндин, А. Н. Некрасовдун, Шекспирдин, С. Есениндин, Р. Гамзатовдун, Сервантестин, Н. Хикметтин, Брехтин, Рудаки, Камюнун чыгармаларын, мусулмандардын ыйык китебин “Куран”, христиандардын “Библия” китебин кыргызчага которуп, аны менен катар “Биздин радиотеатр” аттуу радио уктурууларды, классикалык көркөм чыгармаларды фондуга жаздырганы менен эсибизде.

Кыргыз адабиятына, маданиятына сиңирген эмгеги үчүн ага Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген ардактуу наамдар берилген. Адабият, маданият тармагындагы берилүүчү “Түгөлбай-ата” эл аралык коомунун, А. Токомбаев, Ж. Бөкөнбаев, Т. Турсунбаева атындагы сыйлыктардын лауреаты, грамоталар жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.