Жаңылыктар
Салык кызматы «Дордой Дыйкан» базарынан 2 миң бөтөлкө контрафакттык алкоголь тартып алды
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы «Дордой Дыйкан» базарынан 2 миң бөтөлкө контрафакттык алкоголь тартып алды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө Бишкек шаарындагы «Дордой Дыйкан» базарында контрафакттык алкоголду сатуу фактысын аныкташты.

Жыйынтыгында күмөндүү акциздик маркалары бар 2 миң 172 бөтөлкө ликер арак ичимдиги тартып алынды.

Тартып алынган продукция боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чара көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.