Кыргызстан июндун аягында Орусиядан кийинки жылы бажы алымысыз дизель отунун көбүрөөк жеткирүүнү өтүнгөн. Бирок азырынча күйүүчү майга болгон суроо-талаптын эмне себептен жогорулагандыгы боюнча орус тараптын суроолоруна жооп бериле элек.
Бул тууралуу Кыргызстандын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Мекеменин 29-июнда Орусиянын Энергетика министрлигине жөнөткөн катында бажы алымысыз дизель отунун канчага көбөйтүү керектиги жөнүндө так жазылган эмес. Жооп катары орус тарап дизелдин запасы жана ага болгон суроо-талаптын жогорулашынын себептерин сураган.
Өз кезегинде Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети тиешелүү маалыматтарды бажы алымысыз күйүүчү майды көбөйтүүнү өтүнгөн Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан сураган. Бирок азырынча мекеме бул боюнча маалымат жөнөтө элек.
Орусия Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу май базарында дээрлик монополист болуп эсептелет. Өлкөнүн бензинге жана дизелге болгон бир жылдык муктаждыгы 1 миллион тоннадан ашат. Кыргызстан менен Орусия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө экенине карабастан, күйүүчү май жеткирүү маселеси эки тараптуу макулдашуу менен көзөмөлдөнөт.
Кыргызстан жыл сайын Орусиядан бажы алымысыз 1 миллион тоннага жакын күйүүчү-майлоочу май сатып алат. Анын көлөмү тараптардын макулдашуусу менен бекитилет.