Жаңылыктар
Салык кызматы Кыргызстанга 111 ири мүйүздүү бодо малды мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктады
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы Кыргызстанга 111 ири мүйүздүү бодо малды мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктады

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Ак-Тилек авто жолу” контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан ири мүйүздүү малды тийиштүү уруксат берүүчү документтерсиз ташып кирүү аракеттерин аныкташты.

Тактап айтканда, 111 ири мүйүздүү малды алып өтүүгө аракет кылган автоунаалар кармалган. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.