Өкмөт антикризистик чаралардын экинчи топтомуна каатчылыктан кийинки мезгилде ата мекендик ишканаларды мамлекет тарабынан колдоо максатында өнөр жай ишканаларын жана инвестициялык долбоорлорду кураторлукка алуу механизмин киргизген. Маселе Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги астында өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешмеде талкууланды.
Бул чаралар ишканалардын маселелерин ыкчам жана сапаттуу чечүүгө, ошондой эле аларга өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал режиминен кийин жагымдуу экономикалык жана уюштуруучулук шарттарды түзүүгө багытталды. Ишканаларга кураторлук кылууда мамлекеттик органдардын жетекчилерине уюмдун финансылык жана башка ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсү, таасири жана көзөмөл кылуусу жокко чыгарылары баса белгиленди.
Кезектеги кеңешмеде «Металлкен», «Компания Мол Продукт», «НУР» ЖЧКларынын жана «Карабалта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүндөгү маселелери жана аларды чечүүнүн жолдору да каралды. Премьер-министр өндүрүш ишканаларын өз убагында ишке киришүүсү жана келечектеги ийгиликтүү иш-аракеттерине колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.