Жаңылыктар
Кайрадан чыр. Цветков Молдокматовага каршы Москва сотуна доо арыз менен кайрылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кайрадан чыр. Цветков Молдокматовага каршы Москва сотуна доо арыз менен кайрылды

Орусиялык алып баруучу жана шоумен Артур Цветков Ассоль Молдокматовага каршы Москва сотторунун бирине доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды

«Мен бир ай мурун Кыргызстандын жараны менен болгон окуяга кайтып келгим келет.  Азыр ортобуздагы чыр-чатак жөнгө салынды, кол алышып кечирим  сураштык. Бирок, тынчтык жолу менен чечүү баарына туура келген жок, тактап айтканда, коомдук ишмер Ассоль жаңжалга башкача өнүгүү берүүнү чечти. Кырдаалды мындан ары козутпоо үчүн биз москвалык юристтер тобу менен биргеликте шаардык соттордун бирине доо арыз бердик », - деп жазган Артур Цветков. 

Белгилей кетсек,  Артур Цветков Ассоль Молдокматовадан 1 миллион доллар өлчөмдөгү моралдык чыгым өндүрүнүү көздөп жатат. Буга чейин ал  өзүнүн Instagram баракчасына бул тууралуу жазып чыккан.  

Кийинчерээк, Молдокматованын адвокаты Рустам Абдурауфов орусиялык теле алып баруучуга видео кайрылуу менен кайрылган.

Социалдык тармактарда россиялык  алып баруучунун дарегине  карата каршы ой-пикирлер көп айтылууда.