Жаңылыктар
Курулуп жаткан ооруканалар медициналык жабдуулар менен толук камсыз болот
Кыргызстан жаңылыктары
Курулуп жаткан ооруканалар медициналык  жабдуулар менен толук камсыз болот

Курулуп жаткан 8 профилдештирилген  оорукананын үчөөсү 68 миллион 879 миң 686 сомдук жабдуулар менен камсыздалат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Анын айтымында, ооруканаларда 886 комплект эки жана үч функционалдуу керебеттер орнотулат. Комплектте төшөнчү, тумбочка, штатив, тамак үчүн тумбочка бар.

Мындан тышкары, рентген аппараттарын, стационардык жана мобилдик, тумбочка мониторлорун, дефибрилляторлорду, электрокардиографтарды, УЗИ аппараттарын жеткирүү пландаштырылууда.

Тогуз ишкана менен жабдуу келишимдери түзүлгөн. Ушул жумада ири жеткирүүлөр күтүлүүдө.

Коопсуз шаардын каражаттарынын эсебинен Саламаттыкты сактоо министрлиги 37 тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялаган, анын 27си жогорку деңгээлдеги кросс, 10у моно-диск түрүндө болот.