Жаңылыктар
Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн жаңы имарат салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн жаңы имарат салынды

Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери быйыл жаңы административдик имартка ээ болду. Пайдаланууга берилген жаӊы имаратта райондук милициянын жетекчилиги, ыкчам-жетекчилик курам жана коомдук коопсуздук кызматынын, эксперттик-криминалдык бөлүмчөсүнүн өздүк курамы иш алып бармакчы. 

Мындан сырткары, бирдиктүү терезе кызматы, жыйындар залы жана милиция кызматкерлери спорт менен машыгууга ылайыкташкан залдары да орун алган. Ачылыш аземине келген ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоодо, эл менен иштөөдө баардык шарт, керектүү жабдыктар менен камсыз болуусу зарыл экенин билдирди. Буга мамлекет тарабынан толук аракеттер көрүлүүдө. Министрдин белгилөөсүндө быйыл Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнөн сырткары Кадамжай жана Кочкор райондорунда ички иштер бөлүмдөрүнүн негизги имараттары жаңыланып ишке берилет. Ошондой эле милиция кызматкерлери үчүн быйыл Нарын шаарында 60 Ош шаарында 40 батирлүү үйлөр берилет. Мындан сырткары Баткен облусунда ички коопсуздук кызматкерлеринин атайын ротасы үчүн керектүү имарттар жана республика аймагында дагы бир нече обьектилерде курулуш иштери жүрүп жатканын маалымдап өттү.

"Эки имартта тең иштей беребиз. Бул жерде коомдук коопсуздук кызматы башкача айтканда коомчулук менен тыкыз иш алып барган кызмат отурат. Мындан сырткары, тилкелик кызматкерлер, жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмү отурат. Албетте кемчилик да болуп атат, муну өткөндө премьер министр келгенде да тапшырма берип кетти. Бул толук санариптештирүүгө өтө элегибиз. Бул багытта азыр иш жүрүп, жыл аягына чейин чыгууга аракет жүрүп жатат",-деди Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Тилек Түкебаев.