Жаңылыктар
Жаңы жана профилин өзгөрткөн ооруканалардын сапаты өкмөт башчынын көзөмөлүндө
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жана профилин өзгөрткөн ооруканалардын сапаты өкмөт башчынын көзөмөлүндө

Жаңы жана профилин өзгөрткөн ооруканалардын даярдыгын, ошондой эле курулуш жана оңдоо иштеринин сапатын жеке көзөмөлгө алам. Мындай пикирин Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди. Өкмөт башчы медициналык тез жардам борборлорун тез жардам унаалары менен камсыздоо маанилүүлүгүн белгиледи.

«Пандемия күчөгөн маалда негизги көйгөй катары тез жардам унааларынын жана бригадалардын жетишсиздиги болду. Тактап айтканда, калктын көп бөлүгү жашаган Бишкек шаарын болгону 38 тез жардам унаасы тейледи. Бул абдан аз. Июнь айына карата 20га жакын унааны жана мобилдик бригаданы коштук. Абал жакшырган жок. Көптөгөн чакыруулар жоопсуз калып, же медиктер чакырууга кечигип келип жатты. Ошондуктан шаар жана айылдарыбызды жетиштүү тез жардам унаалары менен камсыздоо маанилүү», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Саламаттык сактоо министрлигинин малыматына ылайык, жыл аягына чейин эл аралык донорлордун долбоору боюнча өлкөгө 115ден ашык тез жардам унаасы алынып келинет, алар аймактарга да бөлүнөт.