15-сентябрдан тарта Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча аба каттамы кайрадан ишке кирди. Өлкөдө коронавирус илдети жайылып, эпидемиологиялык кырдаал курчуганына байланыштуу ички каттамдар 25-марттан баштап убактылуу токтотулган болчу.
Эми ички катам кайрадан жанданып, Бишкектен Баткенге 94 жаран учуп келсе, Баткенден борборго 86 жаран учуп кетти. Ушул күнгө чейин эс алууда болгон Баткен аба майданынын кызматкерлери да ишке чыгышып, жүргүнчүлөрдү санитардык талаптарды аткаруу менен тейлеп жатышат. Учурда Баткен-Бишкек аба каттамы боюнча билеттер 3500 сомдон 4200 сомго чейин сатылып жатат. Каттамдар жумасына бир жолу - шейшемби күнү жүргүзүлөт.