Шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип, Саламаттык сактоонун мурунку министри Космосбек Чолпонбаев кармалды. Бул тууралуу Финполициянын маалымат кызматы билдирди.
ЭККМКда шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шектелген Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголду.
Аталган мекеменин жетекчилиги өзүлөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөндүгү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелип, саламаттык сактоо министрлигинин мурунку министри Космосбек Чолпонбаев кармалды.