Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташса, октябрь айынан тарта мектептерде салттуу негизде билим берүүнү жандандыруу пландаштырылып жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбеков менен өткөн онлайн кеңешмеде айтты.
Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков жакынкы аралыкта салттуу тартипте билим берүү процессин жандандыруу сунушун колдоп, аны баштапкы класстардан этап-этабы менен баштоону сунуштады.
Эске салсак, ушул күндөрү 1-класстын окуучулары гана мектепке барып окушууда.