Жаңылыктар
Чек араларды көзөмөлдөөгө көмөктөшүү маселелери боюнча онлайн жыйын өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Чек араларды көзөмөлдөөгө көмөктөшүү маселелери боюнча онлайн жыйын өттү

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Чек араларды Башкарууга көмөктөшүү программасынын 9-баскычы аяктады. Беш жылдык ишмердүүлүктүн аякташына арналган жабык иш-чара Бишкек шаарында өттү

Регионалдык башкаруу тобунун жыйыны онлайн ыкмада өткөрүлүп, ага Борбор Азиядагы улуттук чек араны башкаруу институттарынан, БОМКА ишке ашыруу консорциумунан, Европа Биримдигинен жана эл аралык уюмдардан өкүлдөр катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Борбор Азия аймагындагы чек араны башкаруу тутуму, миграцияны башкаруу процесси жана сооданы жеңилдетүү жана чыңдоо боюнча долбоорлордун натыйжалары жөнүндө сөз болду. 

Европа Биримдиги тарабынан каржыланып келген бул программа борбор Азияда 2003-жылы башталган. Ошондон бери алар чек ара көзөмөлдөө органдарынын ортосундагы кызматташтыкты алга жылдырууга жана чек араны көзөмөлдөө тажрыйбаларын эл аралык талаптарга жакындатууга жардам берип келет. 2020-жылга чейин Европа биримдиги тарабынан жалпысынан 40,1 миллион евро бөлүнсө, анын 6,6 миллиону программанын 9-этабын ишке ашырууга сарпталды.