Жаңылыктар
Чет өлкөдөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтү бүткөн жарандар шайлоодо добуш бере алышат
Кыргызстан жаңылыктары
Чет өлкөдөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтү  бүткөн жарандар шайлоодо добуш бере алышат

Чет өлкөлөрдөгү паспортторунун жарактуулук мөөнөтү бүткөн кыргызстандыктар  шайлоодо добуш бере алышат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны 20 миң адамды түзөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы белгилегендей, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттун, ошондой эле 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун (ID) жарактуулук мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.

Республикадан  тышкары жерде жүргөн  Кыргызстандын жарандары ушул жылдын 1-январынан 30-декабрына чейин паспорттун мөөнөтүнүн узартылышы жөнүндө тиешелүү документтер үчүн дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге кайрыла алышат", - деп белгилейт шайлоо комиссиясы.

Эске салсак,  өлкө аймагынан тышкары 44 шайлоо участкалары түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесин каттоонун акыркы мөөнөтү 19-сентябрда аяктайт. Чет өлкөлөрдөгү өздөрүн тизмеден таппай калган кыргызстандыктар дипломатиялык мекемелерге кайрылышы керек.