Жумгал районунун Байзак айыл аймагындагы Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунунун 37-чакырымында тоо беттеринен таш аралаш жер кыртышы активдешкендигине байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров абалды жеринде көзөмөлдөө үчүн кырдаал катталган аймакка жөнөп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, Жумгал районундагы Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунунун 37-чакырымында тоо беттеринен таш аралаш жер кыртышы активдешип, унаа жолдун 500-700 метр аралыгына түшкөн. Активдешкен жер кыртышынын көлөмү болжол менен 900 000 м3 түзөт.
Учурда премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен Транспорт жана жолдор министрлиги аталган Дыйкан-Кара-Кече унаа жолундагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатат.