КМШнын байкоочулар миссиясы 14-сентябрдан тарта Кыргызстанда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ишин баштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү ишинин алкагында миссия өкүлдөрүнүн жыйыны өттү. Байкоочулар белгилегендей, алардын негизги милдети демоктратиялык шартта эркин атаандаштыкта жана шайлоонун мыйзамга ылайык өтүшүн камсыздоо.
Миссия Кыргызстандын мыйзамдарына, Шериктештиктин алкагында кабыл алынган документтерге, ошондой эле шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча кабыл алынган эл аралык жалпы укуктук принциптерге таянып иш алып барат. Быйыл КОВИД пандемиясына байланыштуу эл аралык туруктуу рейстер болбогондуктан байкоочулардын саны азыраак болот.
Эскерте кетсек, КМШнын байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы шайлоолорго 13-ирет байкоочулук кылып жатат.