Ушул жылдын алты айында Чоң-Кеминдин Шабдан айылындагы балык чарба Россия менен Казакстанга 300 тонна форель балыгын экспорттоду.
Мындан жети жыл мурда чарбанын 10го жакын көлмөсү болсо, азыр 62 чоң жана 20 кичине көлмөдө балыктар кармалат. Адистердин айтымында, жыл өткөн сайын форелге болгон суроо-талап көбөйүп, экологиялык жактан таза продукциянын өнүмү жыл сайын кеңейүүдө.
Мында үч бригада иштейт. Алардын бири балыктарга убагында жемин берсе, дагы бири көлөмүнө жараша балыктарды көлмөлөргө салып, иргеп турат. Себеби аларга жем салмагына жараша берилет. Калган жумушчулар кампанын ичинде экспортко жиберилүүчү таңгактарды даярдайт.
Кампада жаңы балыктардан тышкары, икра жана атайын туздалып, тоңдурулган форель балыктары даярдалат. Азыктар температурасы -18ден -25 градуска чейинки атайын муздаткычта сакталат. Адистердин айтымында, ферманын экологиялык жактан табигый продукциясына болгон суроо талап жогорулап жатат.