Өкмөт жылдын соңуна дейре коронавируска каршы күрөштө пайдаланылуучу бир катар импорттук товарларды кошумча нарк салыгынан бошотту. Тийиштүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Кабыл алынган чечим 1-августтан 31-декабрга чейин иштейт жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана аймакта коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын алуу жана ага каршы турууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында көздөйт. Кошумча нарк салыгынын салык салынуучу импорт жана салык салынуучу тапшыруулар боюнча нөл пайыздык коюуму - дем алуу органдарын жеке коргоочу, чыпкалоочу жана изоляциялоочу каражаттары, анын ичинде бетке арналган бөлүктөр жана чыпкалар;
- атайын коргоочу кийимдер, анын ичинде чыпкалоочу коргоочу кийим;- көздү жана бетти коргоочу жеке каражат;
- токулбаган сиңирилген жана сиңирилбеген, капталган жана капталбаган, кабатталган жана кош кабатталган кездемелер;
- компьютердик томография; - медициналык багыттарга арналган атайын автомобилдер; - медициналык жана хирургиялык эмеректер;
- негатоскоп товарларына колдонулат.