Жаңылыктар
Жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу улантылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу улантылууда

Жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу улантылууда. Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу максатында 19-сентябрга чейин бардык тейлөө борборлору саат 20:00гө чейин иштеп жатат. 

Бул алдыдагы парламенттик шайлоого карата жарандардын добуш берүү укугун пайдалануусуна шарт түзүүнү максат кылат. Бишкекте калкты тейлөөчү алты борбордо, Ош облусунда үч, Жалал-Абадда үч, Баткенде эки, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында бирден тейлөө борборлорунда жарандар биометрикалык маалымат тапшыра алат.Борбордук шайлоо комиссиясы 14-сентябрда парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 млн 465 миң 415 кишинин тизмеси такталганын билдирди.