Чолпон-Ата шаарындагы 70 орундуу райондук оорукананы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, оорукананы оңдоо жумуштары июль айында башталган. Оңдоого кеткен чыгымдын жалпы наркы 21,4 млн сомду түзөт. Курулушчулар шаардык оорукананын эски эшик-терезелери алмаштырылып, инженердик түтүктөр ажыратылды, ички дубалдардын шыбактары түшүрүлүп, жасалгалоо жумуштары аткарылды.Чатырды жаңылоо, электрмонтаждоо иштери, желдетүү, сантехникалык жумуштар жасалган. Муну менен катар көрктөндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Оңдоо иштерине “аймактарды өнүктүрүү жана социалдык өнөктөш фондунун” эсебинен 16 млн 495 миң сом каралган.