Жаңылыктар
Билим берүү министрлиги олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө 4 миллион сомго ноутбуктарды сатып алат
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүү министрлиги  олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө 4 миллион сомго  ноутбуктарды  сатып алат

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өткөн окуу жылындагы мектеп олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды сатып алат.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалгандай, 2019-2020-окуу жылындагы республикалык жана альтернативдүү олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары үчүн байге буюмдарын сатып алуу жүрүп жатат.

Пландалган сумма 4 миллион сомду түзөт. Тендер 3-сентябрда жарыяланган. Тендердик билдирүүлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү 17-сентябрь. Тендердин алкагында 160 ноутбук сатылып алынат.