Кыргызстан менен Казакстандын үзгүлтүксүз аба каттамдары 20-сентябрдан баштап кайра жаңыланат.
Үзгүлтүксүз каттамдарды жаңылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы авиациялык бийликтердин келишимдерине ылайык, мындай чечим кабыл алынды.
Алматы-Бишкек-Алматы каттамды жумасына эки жолу ишемби жана жекшемби күндөрү "Эйр Астана" авиакомпаниясы аткарат.