Жаңылыктар
Нарын районунун Кеңеш айылында жаңы мектеп курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын районунун Кеңеш айылында жаңы мектеп курулууда

Нарын районуна караштуу Кеңеш айылында жаңы мектеп курулууда. Эки кабаттан турган имарат 150 балага ылайыкталган. 

Билим уясын салууга республикалык бюджеттин эсебинен 58 миллион сом каралган. Кеңеш айылы мектепке өтө муктаж болуп келген. Эски имарат авариялык абалда деген негизде жабылып, окуучулар элеттеги маданият үйүндө билим алып жатышкан.