Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен Транспорт жана жолдор министрлиги Дыйкан-Кара-Кече унаа жолундагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатат.
Дыйкан-Кара-Кече жолунун 37-чакырымындагы Кара-Кече тоосунан жер көчкү түшкөн. Көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учуратып, аталган тилкедеги жолду жаап калган. Нарын облусунун Жумгал районунун Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен участкадан өтүү коркунучуна байланыштуу унаа жолу убактылуу жабылды. Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иштеп жатат.