Жаңылыктар
Парламенттик шайлоодон кийин боло турган өкмөткө ар тараптуу колдоо керек
Кыргызстан жаңылыктары
Парламенттик шайлоодон кийин боло турган өкмөткө ар тараптуу колдоо керек

Болочок өкмөт башчысын оор милдеттер күтүп турат. Ага ар тараптан жардам берип, ишине көмөктөшүү зарыл. Мындай пикирди бир катар мурдагы премьер-министрлер Бишкекте өткөн жыйында билдиришти. 

Саясат таануучулардын эл аралык конгресси уюштурган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын талдоочулары, ошондой эле өлкөнүн экс-премьер-министрлери катышты. Алардын пикиринде парламенттик шайлоодон кийин боло турган өкмөт башчысын пандемиянын кесепетинен пайда болгон экономикалык каатчылыкты жоюу милдети күтүп турат. 

Мындан улам аткаруу бийлиги кабыл ала турган чечимдерди парламент да, өлкө жарандары да колдоого алышы керек.