Жаңылыктар
Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

15-сентябрь күнү саат 00:26да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Кыргызстан сейсмология институтунан маалымдашты.  

Жер титирөө Алай районунун Нура, Көк-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.