Жаңылыктар
Шайлоо - 2020. Чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны такталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо - 2020. Чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны такталууда

Чет жердеги шайлоочулардын саны 20 миңге жакындады. Бул тууралуу маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди. 

Анын айтымында, парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде 44 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. "Учурда биометрикалык маалыматтарды чогултуу, каттоого алуу иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта чет жердеги шайлоочулардын саны 20 миңге жакындады. Шайлоочулардын тизмесин түзүү 19-сентябрга чейин уланат. Чет жердеги жарандарыбыз шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоого турушу керек", - деди ал. Жарандар өзүн шайлоочулардын тизмесинен tizme.gov.kg порталы аркылуу текшере алат.