Жаңылыктар
Кыргызстанда автоунааны каттоонун тартиби өзгөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда автоунааны каттоонун тартиби өзгөрдү

Кыргызстанда "Транспорт каражаттарын каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилди. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. 

Анын жардамы менен транспорт каражаттарын каттоо жол-жоболору автоматташтырылды. Кыргызстандыктар туруктуу жашаган жери кайсы жакта экенине карабай, автоунаасын учурда жашап жаткан дареги боюнча каттата алат. "Транспорт каражаттарын каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасында бирдиктүү база түзүлдү. "Унаа" ишканасынын бардык бөлүмдөрү ар бир регионго таандык мамлекеттик номерлер менен камсыздалды", — деп жазылат маалыматта. Системанын алкагында катталган транспорт каражаттары тууралуу маалыматтар чогултулуп сакталып турат. Кийин ошого карап автоунаага анализ жана мониторинг жүргүзүлөөрү белгиленет.