Жаңылыктар
УКМК: Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара менен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара менен кармалды

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы «А.Ж.С.» экинчи тарапка оң чечим чыгарып берүү боюнча «Ж.З.» аттуу жарандан акча каражатын талап кылган. 

«Ж.З.» аттуу КР жаранынан келип түшкөн кайрылуусунун алкагында КР УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү, пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшкө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

14-сентябрында жүргүзүлгөң ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы «А.Ж.С.» талап кылган акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.