Жаңылыктар
Бишкекте коомдук тамактануучу жайларды текшерүү уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте коомдук тамактануучу жайларды текшерүү уланууда

Бишкекте коомдук тамактануучу, көңүл ачуучу жайларга жүргүзүлүп жаткан рейддер уланууда. Кызыгы коомдук тамактануучу жайлардын көпчүлүгү санитардык талаптарды сактабай жатышат. Мындан улам бекитилген эрежелердин аткарылышы боюнча кафе, ресторан, клуб жана башка көңүл ачуучу жайларга текшерүүлөрдү жүргүзүү улантылат.

Ленин районунда болгон рейддин жүрүшүндө бильярддык клубдун бирине айып салынып, ишмердүлүүлүгү токтотулду. Бильярд боюнча адатта талаш маселе жаралып, айрым бильярд клубдардын жетекчилери муну спорттун бир түрү деп белгилеп, жабууга каршылыгын билдириген учурлар болгон. Бирок адистер билярддык клубдар атайын спорттук комплексте жайгашпастан, жеке менчик имаратта клуб катары иштегендиктен аларга тыюу салынаарын айтышты.

Ал эми шаардагы бул ресто-клубда бардык санитардык талаптардын аткарылышын көрө алдык. Кире беришке кишинин дене табын өлчөөчү аппарат, антисептикалык каражат, бут кийимди тазалоочу нымдалган килемдер төшөлгөн. Тейлөөчү кызматкерлер бет кап кийип кызмат көрсөтүп, кардарлар 1,5 метр аралыкты сакташууда.

Ал эми кийинки кафеде таптакыр башкача абалга күбө болдук. Коноктор үчүн атайын бөлмөлөрдө белгиленген сандан көп киши чогулуп, тыюу салынганына карабай бий аянтчасы иштеп жатыптыр. Коомдук тамактануучу жайларда санитардык талаптарды сактабаган жеке жактар үчүн 3 миң, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом айып пул салынат. 

Эскерте кетсек, мындай рейддерди Бишкек мэриясы, Санэпидемстанция, Ички иштер министрлиги жана шаардын төрт районундагы акимчиликтин өкүлдөрүнөн турган мобилдик топтор уюштуруп жатат.