Жогорку окуу жайлардагы антикоррупциялык билим берүү, ак ниеттик жана академиялык чынчылдыкты киргизүү кадамдары талкууланды. Катышуучулар билим берүү аркылуу коррупцияны алдын алуу - антикоррупциялык саясат боюнча маанилүү багыт экенин белгилешип, бул көрүнүштүн кесепеттерин жана күрөшүү механизмдерин аташты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Семинарда “Антикоррупциялык саясаттын негиздери” жана “Коррупциянын алдын алуу негиздери” деп аталган окуу колдонмолору тааныштырылды.
Иш чарага Нидерланды элчилигинин ардактуу консулу Е. Юн, Президенттин аппаратынын антикоррупциялык саясат боюнча сектор башчысы Ж.Сеитов, билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Расул Абазбек уулу, КР президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору А.Акматалиев, Башкы прокуратуранын өкүлү Т.Саякбаев жана “Коррупция көйгөйлөрүн жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоону изилдөө Борбор Азия институту" коомдук фондунун директору Э.Мамбеталиева катышты.