Жаңылыктар
Коронавирустан дарыланып жаткан акыркы бейтап айыгып, үйүнө чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирустан дарыланып жаткан акыркы бейтап айыгып, үйүнө чыкты

Чүйдүн Таш-Дөбө айылындагы Курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунда коронавирустан дарыланып жаткан акыркы бейтап сакайып, үйүнө чыкты. Бул тууралуу 14-сентябда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. 

Мекеменин маалыматына караганда, эпидемия курчуп турган кезде бул министрлик коронавирусту дарылоо үчүн эки медициналык жайда ачылган атайын бөлүмдөргө жооптуу болгон. Алардын бири – Таш-Дөбөдөгү жай, экинчиси – Улуттук онкология жана гематология борбору. 8-июлдан бери бул эки мекемеде коронавируска чалдыккан 1 миң 116 адам дарыланып чыкты. Алардын 1 миң 79у айыгып кетти, 37си каза болду.