14-сентябрдан баштап Ташкент-Бишкек-Ташкент багытындагы каттам кайрадан жүргүнчүлөр үчүн кызмат көрсөтө баштайт. Каттамды «Өзбекстан аба жолдору» компаниясы жүргүзөт. Учак жумасына бир жолу каттайт.
Эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу аба каттамдары мамлекет аралык келишимдерге ылайык кайрадан жанданууда.
17-сентябрдан тартып Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттам жанданат. Жарандык авиация департаменти Астана-Алматы-Бишкек каттамы азырынча жумасына эки жолу жүргүзүлөрүн кабарлоодо.
Азырынча Орусия менен туруктуу каттамдар өз калыбына келтириле элек.
Бул аптада ички каттамдар да жанданат. 15-сентябрдан тартып Бишкек-Баткен багытында учак каттай баштайт. Ал эми Бишкек - Жалал-Абад багытындагы каттам 18-сентябрдан тартып жанданат. Жүргүнчүлөрдү «ТезЖет» аба компаниясы ташыйт.
Маалыматтарга ылайык, Баткен менен Жалал-Абадга каттамдар азырынча жумасына бир жолу уюштурулат.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан 20-марттан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн чек арасын жабуу менен эл аралык жана ички каттамдарын токтоткон.
8-июндан тартып ички каттамдар жанданып, Бишкек-Ош, Ош-Бишкек багытында учак каттап жатат. Ал эми эл аралык каттамдар август айынан тартып жанданды. Азырынча Түркияга жана Бириккен Араб Эмираттарына учак каттоодо.