Жаңылыктар
Кытай өрт өчүрүү кызматына 5 млн юань каражат бөлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кытай өрт өчүрүү кызматына 5 млн юань каражат бөлөт

Кытай Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүн чыңдоого 9сбөлөт. Бул Кытай тараптын Кыргызстанга өрт өчүрүү-куткаруу жабдыктарын алууга грант катары берип жаткан каражат. 

Эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүн чыңдоо тууралуу" макулдашууга 2018-жылы кол коюлган. Маалымат жыйыны учурунда тышкы иштер министри Айдарбеков ал макулдашуу тууралуу айтып берди. Анын айтымында 100 өрт өчүрүү-куткаруу унаасы жана 15 өрт өчүрүү-куткаруу жабдыгы келери пландалган. "Макулдашуунун жалпы суммасы 95 млн юань", - деди ал.