Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Бийик тоолуу райондордо кар жаайт
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү! Бийик тоолуу райондордо кар жаайт

Шашылыш билдирүү! Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, 17-18-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болот. 

17-сентябрда күндүз жана 18-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын толуу аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Абанын температурасы төмөндөйт. 

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.