“Жөө күлүк" тасмасы Казандагы мусулман киносунун эл аралык кинофестивалында байгелүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Кинофестиваль 4-9-сентябрь күндөрү Татарстан республикасынын Казань шаарында болуп өткөн. Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы фестивалдын "Россия - ислам дүйнөсү" сынактык программасында катышып, "Ислам дүйнөсүндөгү маданияттар диалогу үчүн" сыйлыгын алган. Бул сыйлыктын жеңүүчүлөрүнө 300 миң рубль байге каралган. Казандагы мусулман киносунун эл аралык кинофестивалы 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет.