Жаңылыктар
Ушул жылдын январь-август айларында айыл чарба продукциясы өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Ушул жылдын январь-август айларында айыл чарба продукциясы өстү

Ушул жылдын январь-август айларында айыл чарбасынын, токой чарбасынын жана балык уулоонун дүң продукциясы 132 миллиард 329 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат. 

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл айыл чарбасынын дүң продукциясы өскөн. Бул мал чарба продукциясын өндүрүү 1,7 пайызга, өсүмдүктөрдүн продукциясы 2,1 пайызга көбөйүшүнө байланыштуу болду.