Жаңылыктар
Юстиция министрлиги Бирдиктүү портал менен иштөө боюнча онлайн тренингдерди өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Юстиция министрлиги Бирдиктүү портал менен иштөө боюнча онлайн тренингдерди өткөрдү

Юстиция министрлиги тарабынан Бирдиктүү портал менен иштөө боюнча үч күндүк онлайн тренингдер өткөрүлдү. 

Анын алкагында өкмөттүн буйругу менен бекитилген бирдиктүү порталды колдонуу жана башкаруу, иштөө тартибинин маселелери чагылдырылды. Жакынкы аралыкта мамлекеттик органдардын администраторлору үчүн онлайн режимде окутуу пландаштырылууда. Алар мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин порталга кирүүсүн камсыз кылат. 

Азыркы тапта мамалекеттик органдарга бирдиктүү порталга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана сервердик жабдууларды орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат. Юстиция министрлиги тарабынан бирдиктүү порталды пайдалануу боюнча консультативдик-методикалык жардам көрсөтүү боюнча иштер улантылат.