Жаңылыктар
Бишкектеги №6 клиникалык оорукана оңдоп-түзөө иштери үчүн убактылуу жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги №6 клиникалык оорукана оңдоп-түзөө иштери үчүн убактылуу жабылды

Бишкектеги №6 клиникалык оорукана убактылуу жабылды. Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, имаратта 26-октябрга чейин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. 

Ошондой эле шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы жугуштуу оору менен жабыркаган балдарды кабыл алууну токтотуп, соматикалык ооруларга чалдыккан балдарды кабыл алууга өтсө, республикалык дерматовенерологиялык борбор бейтаптарды кабыл алууну баштады.