Жаңылыктар
Салык кызматы Жалал-Абаддан ири партиядагы лицензиясыз сыраны тартып алды
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы Жалал-Абаддан ири партиядагы лицензиясыз сыраны тартып алды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө кезектеги ири партиядагы лицензиясыз алкоголдук продукцияны тартып алышты.

Тактап айтканда, Жалал-Абад облусунда лицензиясыз жана уруксат документсиз сатуу максатында мыйзамсыз сакталган сыранын кампасы аныкталды.

Ар кандай аталыштагы жана идиштеги 2 млн сомдон ашуун суммадагы 38 миң 62 бөтөлкө сыра тартып алынды.

Ишкерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү.