Жыл башынан бери август айына чейин алтындын баасы 30% жогорулады. Бир трой унциясы үчүн эки миң АКШ долларынан ашып, 2011-жылдан бери тарыхтагы эң жогорку чекке жетти.
Мунун себеби коронавирус пандемиясы жана дүйнөлүк каатчылык дешет серепчилер. Металлдын баасы жөнгө салына баштаганы менен, айрым талдоочулар алдыдагы беш жылга чейин баа өсө берет деп божомолдошууда. Баалуу металлдардан акча табыш үчүн куймаларды сатып алуунун кажети жок. Болгону банктан инсандык металл эсебин ачып, ал аркылуу алтынды сактап инвестиция жасаса болот.