Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган үч адам кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган үч адам кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган үч адамды кармады. Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз жараны Казакстандан Кыргызстанга чек ара өткөрмө бекетинен буйтап башка жерден өтүүгө аракет кылган. 

Аны Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кармаган учурда тек-жайын аныктаган документтери жок болгон. Ал эми Өзбекстандын жана Казакстандын жарандары Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүп бараткан учурда Кыргызстандын чек арачылары тарабынан кармалган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин мамлекеттик чек араны бузгандар тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.