Жалал-Абад облусунун аймагында алдыдагы парламенттик шайлоого карата даярдык өз нугунда жүрүп жатат. Бардык иш-аракет Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан иштелип чыккан календардык пландын негизинде жүрүүдө. Анын алкагында автоматтык эсептөөчү урналар менен иштей турган кызматкерлер атайын окуудан өттү. Бүгүнкү күндө шайлоочуларды идентификациядан өткөрүүчү операторлорду окутуу иштери жер-жерлерде өтүп жатат.
Шайлоо өнөктүгүнө карата даярдык өз нугунда кетүүдө. Анын алкагында буга чейин шайлоо участкаларындагы автоматтык эсептөөчү урналар менен иштей турган кызматкерлер атайын окуудан өтсө, ушул тапта идентификациядан өткөрүүчү операторлордун окуусу уланууда. Алардын катарында Сузак районунун аймагындагы шайлоо тилкелеринин кызматкерлери да окуп жатышат. Алар техникалык аппаратты туура иштетүү, бармак изин өткөрүүдөгү эрежелердин жол-жобосу боюнча кеңири түшүндүрмө алышууда. Окутуулар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүүдө.