Пробация департаменти санариптештирүү тутумуна кошулду. Мекемедеги бардык маалыматтар электрондук автоматташтырылган системада иштейт. Департаменттин бардык аймактык бөлүмдөрү эми негизги тутум аркылуу отчёт, маалымат алуу жана тейлөө кызматтарын жүргүзөт. Жаңы ыкма департаменттин бир жылдык юбилейинин алкагында ишке ашты.
Бир жыл мурда жазаларды аткаруу кызматындагы эркинен ажыратылгандарга тиешеси жок милдеттер юстиция министрлигине өткөрүлүп берилип, пробация департаменти түзүлгөн. Кыска убакыт аралыгында алардын тизмесинде 4 миң 173 жаран каттоодо турат. Аны менен бирге эл аралык уюмдар менен иштеген тармактын имараты оңдоодон өтүп, 3 жаңы башкармалык түзүлдү.
Учурда департаменттеги дагы бир көйгөй штаттык орундарды кеңейтүү. Анткени калк арасында укуктук жактан кабардар болуп, мыйзам чегинде көйгөйлөрдү адилет чечүүдө пробация тармагынын адистери жетишпейт. Бир эле кызматкер, психолог, социолог мыкты юрист жана жазык кодекстерин айырмалай алган кесипкөй болушу керек.