Жаңылыктар
Жаңы окуу жылында балдардын коопсуздугун камсыздоо иштери күчөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы окуу жылында балдардын коопсуздугун камсыздоо иштери күчөтүлдү

Жаңы окуу жылы башталгандан тарта Бишкекте башталгыч класстын 5 окуучусу мектептен чыгып, жолдон адашып, жоголгон. Аларды милиция кызматкерлери таап, ата-энелерине өткөрүп беришкен. 

Учурда окуучулардын жолдо жүргөн учурундагы коопсуздугун камсыздоо максатында милициянын кайгуул кызматы Бишкектеги 101 мектептин аймагын күзөтүп, таң эртеден кызматта туруп жатышат. Алар мектептен чыккан балдардын жолдогу коопсуздугун камсыздап, окуучуларга жардам берип, жол эрежелерин дагы түшүндүрүп жатышат. Ошондой эле ата-энелерге балдарына сак болууну эскертишет.