Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан өз мекенинде ири өлчөмдөгү алдамчылык иштерин жасап, таптырбай издөөдө жүргөн кыргызстандыктар Москвада кармалды.
Россиянын аймагында ыкчам иш-чараларды жүргүзгөн учурда өз мекенинде жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган жарандардын кайда жүргөндүгү аныкталган. Алардын бири Жалал-Абад облусунун 1979-жылы туулган жараны Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан 2018-жылдын аягында издөөгө алынган.
Ошондой эле Чүй облусунун 1960-жылы туулган жараны Москва районунун ички иштер бөлүмү тарабынан ири өлчөмдө жасаган алдамчылык иши боюнча 2013-жылы издөөгө алынган. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн азыр аларды өз өлкөсүнө жиберүү маселеси каралып жатат. Чүй облусунун 1991-жылы туулган дагы бир жараны алдамчылык беренеси боюнча изделип, жети жылдан бери таптырбай жүргөн. Минск конвенциясына ылайык, азыр кармалган жарандарды өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу маселе чечилүүдө.