Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыркы жылы август айында болгон Кой-Таш окуялары боюнча отурум өтүүдө.
Биринчилерден болуп УКМКнын “Альфа” атайын түзүмүнүн кызматкерлери чакырылды. Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон.
Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган. 8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.