Жаңылыктар
Ички аба каттамдар 15-сентябрдан тартып жанданат
Кыргызстан жаңылыктары
Ички аба каттамдар 15-сентябрдан тартып жанданат

«Манас» эл аралык аэропорту Жалал-Абад жана Баткен облустарына ички каттамдарды жандандырууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады. 

Штабдын маалыматына ылайык, Бишкек - Баткен - Бишкек багыты боюнча каттамды 15-сентябрдан баштап, жумасына бир жолу - шейшемби күнү ишке ашыруу пландалууда. Ал эми Бишкек-Жалал-Абад - Бишкек багыты боюнча каттам 18-сентябрдан баштап, жумасына бир жолу - жума күнү учат.