Жаңылыктар
Бишкектеги эреже бузган кафелерге айып салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги эреже бузган кафелерге айып салынды

Бишкек мэриясы Мамлекеттик санитардык эпидкөзөмөл борборунун, райондук ички иштер башкармалыгынын, райондук администрациялардагы экономика жана финансы бөлүмдөрү менен биргеликте ар бир райондогу коомдук тамактануу жайларын кыдырып, текшерип чыгышты. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, 40тай тамактануучу жай текшерилип, санитардык эрежелерди бузган 8 жай аныкталды. «Азия» кафесине, «Улуу-Тоо» чайханасына, «Береке», «Нур Суфра», “Дасмия”, “Ак-Сарай”, “Сый-Ордо”, “Ала-Тоо” ресторандарына «Бузуулар жөнүндө» кодекстин 293-беренеси боюнча протокол түзүлдү. 

Эреже бузган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынды. Бишкек мэриясы ишкерлерден жана шаардыктардан санитардык эрежелерди сактоону өтүнөт.